Марал Радиосу

Ais Home ар бир жаранга жеңилдетилген шартта үй берет

Үй

Турак жай кооперативдери акыркы 4 жылдан бери бат өнүгүп келе жатат. Бул тууралуу Ais Home турак жай кооперативинин негиздөөчүсү, жеке ишкер Бакытбек Болотбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы кыргызстандыктардын жашоо-шартына ылайыкташтырылган, ар бир жаран ыңгайлуу баада үй сатып ала турган программа иштелип чыгып, Ais Home турак жай кооперативи түзүлгөн.

Кооператив ачылган эки жылдан бери 150дөй адам үй алды. Алар Бишкек шаарында гана эмес, аймактарда да иш алып барат.

Ошол эле учурда каалоочуларга 10 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Үй берүүдө иштеген жери мааниге ээ болбойт, тактап айтканда, мамлекеттик кызматта болобу, менчик ишканада болобу, чет жерде иштейби, айтор, Кыргызстандын бардык жараны үй алуу үчүн кайрыла алат.

«Биринчиден, документтердеги көп талаптарды алып койгонбуз. Дегеним, биздин кооперативден үй алам дегендер болгону келишим түзөт, паспорт жана жашаган жеринен маалымкат керектелет. Андан кийин кардарга 10%, 20%, 35%, 50%дык алгачкы төлөмдөр сунушталат. Эгерде кардардын алгачкы төлөмдү төгүүгө такыр мүмкүнчүлүгү болбосо, анда биз менен келишим түзүп, топтоо программасы менен ай сайын 7 миң же 10 миң сомдон чогултуп кезеке туруп өзү каалаган үй алса болот. Мөөнөтү 10 жылга чейин болот, бирок ошол эле учурда мөөнөтүнөн мурда да бардык төлөмдү төгүп, жаап койгондор бар. Кардар кооперативден үй алгандан кийин өзүнө катталат, бирок башка бирөөгө сатууга чектөө коюлган», — деди Болотбеков.

Мындан сырткары ишкер кооперативден үй сатып алууда коопсуздук чаралары толук сакталганын кошумчалады. Кыргызстанда кооперативге жана анын мүчөлөрүнө мыйзамдын негизинде кепилдик берилерин баса белгиледи.

Кененирээк маалыматты aishome.kg сайтынан алсаңыз болот.