Марал Радиосу

Нарын суусу кургаган жок. Токтогулдуктар сүрөтчүгө жооп берди (видео)

Белгилүү кыргызстандык сүрөтчү Влад Ушаков Нарын дарыясынын нугу агып кирген Токтогул суу сактагычынын кире беришин сүрөткө тартып, жарыялаган. Ал сүрөттөрдөн суунун канчалык азайганын көрүүгө болот.

Андан кийин Токтогул районундагы Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Тагайбек Урматаев «Марал» радиосуна кайрылып, Нарын суусунун учурдагы абалы тууралуу айтып берди.

«Влад Ушаковдун сүрөтүнө жооп. Бүгүн, 2022-жыл, 27-январь, Нарын дарыясы кадимкидей эле агып жатат. Бул жер Бишкек-Ош жолундагы Нарын дарыясын кесип өткөн көпүрө. Жазында бош калган жерлерге суу толот», — деди айылдык кеңештин депутаты.