Марал Радиосу

Байге фонду 250 миң сомду түзгөн китеп окуу сынагы башталды

«Оку» долбоорунун алкагында, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган VIII Республикалык онлайн китеп окуу конкурсу башталды.  Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Ага ылайык, сынак жалпы окурмандар үчүн «Түпкү туюмдун күчү», мугалимдер үчүн «Сингапур билим берүү системасы» жана мектеп окуучулары үчүн «Саманчынын жолу» китептери боюнча болот.

Жалпы байге фонду 250 миң сом.

Катталуу жана сынак www.oku.biz.kg сайтынан online өткөрүлөт. Сынакка катталуу акысыз жана 4-мартка чейин уланат.

Сынак 6-март күнү болот, сааттары: