Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Анда Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары карала турган жыйынга катышат.
Мындан тышкары «Манас-Ордо» комплексине барат, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.
Жапаров ошондой эле Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.
Сапардын соңунда магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышат.