Марал Радиосу

Кыргызстандык спортчулар бокс боюнча Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти билдирди.

Чемпионат Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында 20-январда башталган. Анда 22 жашка чейинки мушкерлер күч сынашууда.

Беттештер 30-январда жыйынтыкталат.

Кыргызстандан төмөнкү мушкерлер жөнөп кеткен:

  1. Анвар Ходжиев (48 кг)
  2. Санжар Сейдакматов (54 кг)
  3. Нурадин Рустамбек уулу (71 кг)
  4. Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг)
  5. Бакыт Токтосун уулу (86 кг)
  6. Рустам Ырысбек уулу (92 кг)