Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.
Тараптар Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын мэрияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Айбек Жунушалиев Бишкек калаасы Монголиянын борборундагы ышка каршы күрөшүү тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирди. Ал эми Улан-Батор Бишкектин жашылдандыруу технологияларын колдонсо болору айтылды.
Мэрия эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун даярдады.