Биз менен байланышыңыз

Бишкек Улан-Батордун ышка каршы күрөшүү тажрыйбасына кызыкдар

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 229 | 0

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.

Тараптар Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын мэрияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек калаасы Монголиянын борборундагы ышка каршы күрөшүү тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирди. Ал эми Улан-Батор Бишкектин жашылдандыруу технологияларын колдонсо болору айтылды.

Мэрия эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун даярдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM