Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде Кумтөр алтын кениндеги иштер жөнүндө маалымат берилди.
Бул тууралуу аткаруу бийлигинин расмий сайты жазды.
14-январда болгон өкмөттүн жыйында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, 2021-жыл үчүн алтын кендеги иштин жыйынтыгы боюнча отчет берген.
Бирок өкмөттүн сайтында мындан башка маалымат айтылган жок.
«Кумтөргө» 3 айлык мөөнөткө убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 18-майда дайындалган.