Марал Радиосу

«Омикрондон» кантип сактануу керек?

Вирустун белгилери байкалса, үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 ишеним телефонуна кайрылуу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары департамент COVID-19га каршы эмдөөнү, ошондой эле «дельта» жана «омикрон» варианттарын кошо алганда, COVID-19 жуктуруп алуу коркунучун азайтуучу профилактикалык чараларды көрүүгө чакырат:

Эске сала кетсек, бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда «омикрон» штамы катталганын маалымдаган. Жаңы жылдык эс алуулардан кийин коронавируска жана пандемияга чалдыккандар кескин көбөйдү. 12-январга карата 465 адамдын COVID-19 жугузуп алганы аныкталды.