Марал Радиосу

Эдил Байсалов иш сапары менен Талас облусунда жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Талас облусунда жүрөт. Ал бүгүн «Манас ордо» улуттук комплексине барды.

Байсалов эки күндүк иш сапарынын алкагында облустун айрым социалдык-маданий объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, актуалдуу маселелер талкууланат.