Марал Радиосу

Жанар Акаев мандат алат. БШК Жогорку Сотто утулуп калды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Сот 30% гендердик квотага байланыштуу Бишкек административдик сотунун чечимине каршы БШКнын кассациялык даттануусун карап, чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

VI чакырылыш: Элдин жана эксперттердин баасы

Боршайком 15-декабрда партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизген. Натыйжада парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болгон.

Бул боюнча Жанар Акаев Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган. 21-декабрда сот арызды карап, анын пайдасына чечим чыгарган. БШК бул чечимге каршы кассациялык даттануу менен Жогорку Сотко кайрылган.

БШКнын өзгөргөн чечими: Акаевден Оргалчага оогон «оомат»