Марал Радиосу

«Квота боюнча жобонун өзгөрүшү БШКнын чабалдыгын көрсөттү»

Квотанын айланасындагы окуя дагы бир ирет БШКнын чабалдыгын көрсөттү. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшебек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, БШК биринчи квотасын карап, анан шайлоонун жыйынтыктарын чыгарганы чын-чынына келгенде атайын жасалган чара катары кабыл алынды.

«Анткени 15-ноябрь күнү, так бир ай мурун булар квота боюнча жобо кабыл алышкан. Жободо 7 мандат ала тургандарга 2 айымдын квотасы туура келери так көрсөтүлгөн. Эми болсо каалагандай калчап койгондой ой жаралып жатат. Эгерде жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ошол 15-ноябрда кабыл алып коё турган болсо, коомдо бир да суроо жаралбайт эле. Бул жагдай дагы бир ирет БШКнын чабалдыгын көрсөтүп берди», — дейт ал.

БШКнын өзгөргөн чечими: Акаевден Оргалчага оогон «оомат»