Марал Радиосу

Кытай компаниясы 2022-жылы 1,2 млн даана электромобиль сатууну көздөп жатат

Инвестор Уоррен Баффет колдоо көрсөткөн Кытайдын BYD компаниясы келерки жылы 1,2 млн даана электромобиль сатмакчы. Бул тууралуу CnEVPost маалымдады.

Компания мындай ири планын инвесторлор менен болгон видео-конференция учурунда билдирген. BYD компаниясынын маалыматында, алар 2022-жылы 600 миң даана электромобиль жана 600 миң даана гибрид автомобиль сатууну пландаган.

Ал эми Кытай бийлигинин жалпы божомолу боюнча электромобилдердин сатылуусу 2022-жылы 4,5-5 млн даанага жетиши мүмкүн. Эгер BYD компаниясы көздөгөн максатына жетсе, анда Кытай базарындагы электромобилдер соодасынын 25%ын ээлейт.

Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанга электромобилдерди алып кирүү бажы алымысыз ишке ашууда. Азыркы тапта Кыргызстанда электромобилдердин саны 100дөн ашат.

Сымбат Маратбек: Бардык аймакка электромобиль кубаттоочу станция курабыз (видео)