Марал Радиосу

Бишкекте поезд тепсеп кеткен Пакистан жараны каза тапты

Бишкекте поезд тепсеп кеткен пакистандык студент каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан эл аралык университетинин 2-курсунун студенти Рамзан Мухаммадды 11-декабрда Лев Толстой көчөсүнөн поезд тепсеп кеткен.

Бул факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, учурда Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлү астында тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.