10-декабрга карата Кыргызстанда коронавирустун 53 учуру аныкталды. Анын эң көбү Бишкекте катталды.
— Бишкек — 25,
— Чүй облусу — 15,
— Жалал-Абад облусу — 4,
— Баткен облусу — 4,
— Ысык-Көл облусунда — 3,
— Ош облусу — 2 учур.
Муну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 183 миң 863кө жетти.
Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда коронавирустан 2 адам каза болду. Былтыр март айында пандемия башталгандан тарта 2766 адам көз жумду.
Бир сутка ичинде 54 адам, анын ичинен Бишкекте 15, Чүй облусунда 10, Ошто 5, Ысык-Көлдө 14, Жалал-Абадда 7, Баткенде 3 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандар расмий маалыматтар боюнча 178 905 адам.
Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 9 миң 198 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 4 миң 515 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 835 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча 1 млн 153 миң 444 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 933 миң 757 жаран экинчи компоненти менен эмделди.