Марал Радиосу

Балдар жана карылар үйүнүн тамагына бөлүнгөн акча эки эсе көбөйөт

Президент Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, балдар үйлөрүндө тарбия алгандардын тамак-ашына акча мурдагыдан эки эсе көбөйтүлөт. Каражат көбүрөөк бөлүнө турган мекемелердин катарында карылар, жетим балдар, майыптар үйлөрү, реабилитациялоо борборлору бар.

Жарлык ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Аткаруу милдети Министрлер кабинетине жүктөлөт.

Айта кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 3-декабрда Беловодск айылындагы балдар үйү менен таанышуу учурунда балдар үйлөрүнүн тамак-ашына бөлүнгөн акчаны эки эсе көбөйтүү тапшырмасын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге берген болчу.