Марал Радиосу

Президент: Дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотулат

Өлкөдөгү дыйкандар жана фермерлер жер салыгынан бошотулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу маалымдады.

Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта аңыз-шалбаа, жайыттарга болгон салык алып салынат. Мындагы башкы максат тамак-аш коопсуздугунун алдын алуу болуп саналат.

Ошондой эле өлкө башчы айдоо жерлер бош калбашы керектигин эскертип, буга шарт түзүү үчүн «Айыл банк» менен «РСК банктан» 6 пайыздык үстөк менен насыя бериле баштаарын кабарлады.

Аны менен катар жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктын бардык түрүнөн бошотулганы айтылат маалыматта.