Марал Радиосу

Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге белгисиз бирөөлөр кол салышты. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Искен Афиджанов билдирди.

«Жаңы эле «Консул» району тарапта Өмүрбек Текебаевге беткапчан бейбаштар тарабынан кол салуу болду», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми Динар Турдугулова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу «Парк Отелдин» жанында эс алып отурган Текебаевге 3 бус менен келген жүздөй адам кол салганын, көз айнегин сындырышып, телефонун алып кетишкенин жазып чыкты.

Ошондой эле анын таяк жеген сүрөтү да социалдык тармактарга жарыяланды.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.