Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразы болгон партияларга «Фейсбуктан» кайрылуу жасады.
Анда шайлоонун жыйынтыгы сервер аркылуу бурмаланды делген маалыматтарды четке какты. Төмөндө президенттин кайрылуусу толугу менен:
«Урматтуу кыргызстандыктар!
«Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады» деп ызы-чуу салып жаткан партияларга айтарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча, бюллетендер эч жака жылбашы керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат; керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине да эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо, БШКнын мүчөлөрү, ачык айткыла. Адамдан коркпогула, Кудайдан корккула».