Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген Санжар Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу 28-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 26-ноябрда кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык айыпталууда.
27-ноябрда Биринчи май райондук соту Сапарбековду 2022-жылдын 26-январына чейин камоо чечимин чыгарган.
Медет Садыркулов Кыргызстан Салык кызматынын, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген. Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин учурунда президенттик администрацияны жетектеген.
2000-2005-жылдары Кыргызстандын Ирандагы элчиси кызматын аркалаган.
2009-жылы март айында мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү ачык маалыматтарда айтылат.