Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берди. Бул тууралуу кабарчыбыз Айпери Жумабай кызы жеринен билдирди.
Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Бишкек шаарындагы №1142 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Буга чейин Акылбек Жапаров шайлоого акыркы 2 күн акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлө турганын эскерткен. Ошондой эле ал бул шайлоодо тартип бузуулар 2 эсеге жана партиялардын фонддорун сарптоо 3 эсеге азайганын кошумчалаган.