Марал Радиосу

Кыргызстанга Казакстандан 247 вагон көмүр келет

Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Казакстандын «Шабыркүл» кенинен көмүр жеткирүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашты.

Агенттик кабарлагандай, жакын арада 247 вагон көмүр келет. Импортер отундун тоннасын 4 миң 600 сомдон кымбат сатпоого милдеттеме алды.

«Шабыркүл» көмүрү Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы Шопоков, Кайыңды, Токмок жана Канттагы базаларда сатылат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өстү.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатыларын билдирген. 16-ноябрда борбор калаада Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштап, кардарлар көбөйгөндүктөн, кошумча кампа ачылган.