Марал Радиосу

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматынан бошотулду

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка төрага Акылбек Жапаров кол койгон.

2016-жылдын 25-октябрында ошол учурдагы Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ахматов Калыс Орозбекович Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган.