Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 19-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Бишкекте 19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус.