Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы орусиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы жеткирилди. Аны «Манас» аэропортунан Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-бек Бектурганов тосуп алган.
Вакцинаны сатып алуу үчүн орус өкмөтү Кыргызстанга жардам катары 1,2 миллион доллар бөлгөн.
«Спутник Лайт» Орусияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Ал «Спутник V»вакцинасынын биринчи компоненти.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.