Марал Радиосу

Акылбек Жапаров аймактарды өнүктүрүү фонддору тууралуу жобону бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймактарды өнүктүрүү фонддору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, «Аймактарды өнүктүрүү фонддору жөнүндө» ушул жобо Бюджеттик кодекс, «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодекс, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине ылайык иштелип чыккан.

Фонд облусту өнүктүрүү фонду же районду өнүктүрүү фонду түрүндө юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.

Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу Министрлер кабинети болуп саналат. Министрлер кабинети президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Фондду башкарууда анын кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укук берет.

Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация болуп саналат.

Фонддун каражаты бюджеттик системанын акчасы болуп саналат.

Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казына системасында бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.

Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачык-айкындык, маалымдуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.

Фонддун максаты облустардын, райондордун, шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жарандардын жашоо-турмушунун деңгээлин жогорулатууга багытталган жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо, региондук экономикалык өнүгүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Фонддун милдети облустардын, райондордун, шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Фонддогу бюджеттик жана атайын эсебиндеги каражаттар төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлөт:

Фонддун каражаттары социалдык долбоорлорго – 20 % чейинки өлчөмдө, региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болгон бюджет түзүүчү экономикалык долбоорлорго – 50 % чейин, ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүүгө – 30 % чейин бөлүнөт.

Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди жана Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.