Марал Радиосу

Активист Бакай Кашкарбаев кармалды

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун мурдагы кеңешчиси, активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен жазды.

Президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Кашкарбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү», «Кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү» беренелери боюнча шектелүүдө.

Учурда Бакай Кашкарбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.