Марал Радиосу

Бир суткада 10 миң 441 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавируска каршы 10 миң 441 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен 3 миң 653 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 788 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 972 миң 931 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 745 миң 807 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда 29-мартта жалпы эмдөө башталган.

Pfizer вакцинасын качан жана кайсы жактан алууга болот?