Марал Радиосу

25-октябрда өлкө аймактарында жаан жаабайт

Эртең, 25-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градус жылуу.