Марал Радиосу

БШК: 20 партия документтерин толук тапшырды

18-октябрда БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз жазган партиялардын документтерин кабыл алууну аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 20 партия талап кылынган документтерин, анын ичинде талапкерлердин тизмесин жана 1 млн сом күрөөсүн берди. «Жашасын Кыргызстан» жана «Ак Асаба» партиялары документтерин кечиктирип, катачылыктарга жол берүү менен алып барышкан.

Документтерди толук жана өз убагында тапшырган партиялардын тизмеси:

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 71 партия билдирген.