Марал Радиосу

Абакиров: Жөлөк пулдун 60%ы муктаж эмес адамдарга берилип жүрүптүр

Кыргызстанда коомдо байлар менен кедейлердин ажырымы чоң. Калктын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн орто катмардагы адамдар көбөйүшү керек. Бул тууралуу экономист Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде айтты.

— Ортоңку катмардын өнүгүүсү үчүн кедей деп саналган үй-бүлөнүн балдарына өз убагында билим, социалдык төлөмдөр берилип турушу керек. Республикалык бюджеттен жылына 7-8 млрд сом социалдык колдоого коротулганы менен аларды бөлүштүрүүдө кемчиликтер бар. Кыргызстанда жакыр жашаган адамдардын саны жалпы калктын 30%ын түзүп калды. Алар сан менен 1,5 миллионго жетет. Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансындагы тизмеде ал 500 миң деп көрсөтүлгөн.

Абакировдун айтымында, тизмеге киргендердин жарымы эле жардамга муктаждар. Калган бөлүгү ар кандай жолдор менен катталып, жардам алып келет. Бул «Инфоком» ишканасы иштеп чыккан программанын изилдөөсүнөн кийин белгилүү болгон.

— Бишкектин Свердлов районунун башкармалыгы ошол программаны алып, иштетип көргөн. Анын жыйынтыгында жөлөк пулдардын 60%ы муктаж эмес адамдарга берилип жүргөнү аныкталган. Бул платформаны республикалык деңгээлде жайылтып, 3-4 млрд сомдун туура эмес бөлүштүрүлүп жатканын аныктоого болот. Ошол каражатты калктын кедей катмарына жумшап, шарт түзүп, аларды орто катмарга айлантууга мүмкүн, — деди Абакиров.

Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын 25,6% жакыр, алардын 41 миңи чегинен төмөн жашаган адамдар деп айтылат. Жакырлардын басымдуу бөлүгү айылда жашайт. Айлык кирешеси 2674 сомдон аз болгон адамдар кедей, ал эми 1445 сомдон төмөн болгондор жакыр деп катталган.