Марал Радиосу

УКМК: Ноокат шаарынын мэри менен мурдагы спикер камалды

Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов менен Ноокат шаардык кеңешинин депутаты, экс-спикер Абдурахмон Гафаров камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейин Ноокат шаардык мэриясынын адамдары кызмат абалынан кыянат пайдаланышып, шаар бюджетин 15 млн 43 миң 720 сом зыянга учураткан.

Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, зыяндын ордун толтуруу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.