Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ноокат шаарынын мэри менен мурдагы спикер камалды

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 673 | 1

Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов менен Ноокат шаардык кеңешинин депутаты, экс-спикер Абдурахмон Гафаров камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейин Ноокат шаардык мэриясынын адамдары кызмат абалынан кыянат пайдаланышып, шаар бюджетин 15 млн 43 миң 720 сом зыянга учураткан.

Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, зыяндын ордун толтуруу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жонокой бала

    14.10.2021 16:35

    Эшектерди камаш керек 20ж акчаны ордуна койдуруш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM