АКШда кыргызстандык жаран полициянын огунан каза болду. Бул тууралуу 8-октябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын АКШдагы элчилигине 1993-жылы туулган М.Н. аттуу Кыргызстандын жаранынын өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Алды ала маалыматтарга караганда, 5-октябрда Пенсильвания полициясы тарабынан бир нече жолу ок атылган. Элчилик АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Ички Коопсуздук департаментине окуянын чоо-жайын сурап кайрылды. Учурда жооп күтүлүүдө.
Маркумдун жакындары керектүү документтер толтурулган соң сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүнү пландап жатышат.
Видео социалдык тармактан алынды.