Марал Радиосу

Тогуз айда пенсия жана жөлөкпулга 37,3 млрд сом сарпталды

Быйыл 9 айда пенсия жана жөлөкпулга 37 млрд 327,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Алар:

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу ушул жылдын сентябрында 4 млрд 81,3 млн сом түздү. Учурда өлкө боюнча пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт. Алардын ичинен 237 миңдейи  “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алат. 67 %ы республикалык банктардан акчасын алат.

Пенсионерлердин 14 миңдейи 1 миң 780 сом өлчөмүндө пенсия алат. Бул категориядагы адамдар мыйзам талап кылган керектүү стаж топтогон эмес. Ошондой эле алар эч кандай жумушта иштебей, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эмес.