Марал Радиосу

Балалуу келинди маршруткага салбай кеткен айдоочуга чара көрүлөт

Бишкекте эне-баланы коляскасы менен кичиавтобуска салбай койгон №203 маршруттук каттамдын айдоочусуна чара көрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

«Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы билдирүүсү боюнча, №203 маршруттук каттамды тейлеген «Совет Бригады» ЖЧКсынын башчысы шаардык транспорт башкармалыгына саат 11: 30га чакырылган. Учурда аталган каттамдын айдоочусуна карата чара көрүү боюнча иштер жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармакта маршрутка айдоочусу жаш келинди кичинекей кызы менен коляскасы болгон үчүн маршруткага отургузбай, эшигин жаап, айдап кеткени жөнүндө видео тарады.