Марал Радиосу

Жапаров: Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, ага түшкөн адам оңой менен чыга албайт

Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров адвокаттардын II Съездинде билдирди.

«Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында соттун таразасына түшүп калган адамдын тагдыры күтүүсүз кокустуктарга туш болгон мисалдар көп. Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың. Мен ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын бир нече жыл бою башымдан өткөргөн адам катары айтып жатам. Чынын айтайын, эгерде адвокаттардын жардамы болбосо, биринчи кезекте алардын моралдык колдоосу болбосо, сот иштеринде башка түшкөн кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин», — деди ал.

Жапаров адвокаттар көз карандысыз иштеп, куугунтук, кол салуудан мыйзам аркылуу иш жүзүндө корголушу керектигин билдирди. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү адамдар кийлигишпеши зарыл. Болбосо адвокаттар өз милдеттерин аткара албай калат.