Марал Радиосу

Шайлоо: «Туран» партиясы «Ата Мекен» менен бирикти

«Ата Мекен» саясий партиясына «Туран» партиясы кошулуп, меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу партиянын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Катарыбыз улам кеңейип жатат. Бүгүн блокко оппозициялык «Туран» партиясы бирикти. Буга чейин «Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары түзгөн «Эге Мен» демократиялык коалициясына «Туран» партиясы кошулду«, -деп жазылат маалыматта.

«Ата Мекен» саясий партиясы 11-сентябрда «Реформа» менен бириккен.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага катталган партиялардын саны 72ни түзүүдө.