Марал Радиосу

Кыргызстанда 29 жылда 228,3 млрд сом бюджеттик насыя берилген

Кыргызстанда 29 жылда  228,3 млрд сом бюджеттик насыя берилген. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев парламенттин 22-сентябрындагы жыйынында айтты.

Бюджеттик насыя тууралуу депутат Аалы Карашев суроо узаткан.

Амангелдиевдин маалыматына караганда, бюджеттик насыя көбүнчө энергетика сектору, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өндүрүү, саламаттыкты сактоо, машина куруу, байланыш жана башка тармактарга берилген.

Насыянын 71,4 млрд сому кайтарылган, кайтаруу графиги 94 пайызды түзүүдө. 2000-жылдан бери бул насыянын 4,6 млрд сому берилген. Насыянын эң узак мөөнөтү 45 жылды түзөт.

Парламенттин 22-сентябрындагы жыйынында бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аны депутаттар Марлен Маматалиев, Тариел Жоробеков демилгелеген. Документ аркылуу бюджеттик насыяларды берүү жана кайтаруу жол-жобосу өзгөртүлөт.