Марал Радиосу

22-сентябрда айрым райондордо өткүн өтөт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;

Бишкекте 22-сентябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +24…+26 градус болот.