Марал Радиосу

Салык төлөбөгөн айдоочуларды издөө башталды

Салык кызматы Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төкпөгөн айдоочуларды издөө рейддерин баштады.

Эскерте кетсек, быйылкы жылдагы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзам боюнча салыкты убагында төкпөгөн унаа ээлери 1000 (миң) сом административдик айып, андан тышкары салыкты ар бир кечиктирген күнүнө тууму (пения) менен кошо төлөйт. Андыктан айдоочуларды туумду көбөйтпөй, эрте төлөп кетүүгө чакырат Мамлекеттик салык кызматы.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.