Кыргызстандык тасма Пусандагы кинофестивалга катышат

Кыргызстандык «Сальвадор Дали» кыска метраждуу тасмасы Кореянын Пусан шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат. Кинофестиваль 6-15-октябрда өтөт. «Сальвадор Дали» тасмасы «Кең бурч» сынактык программасына тандалып алынган. Тасмага режиссёр Элдияр Мадаким өзүнүн балалык чагын тарткан.