«Менин үйүм-2021-2026» программасынын алкагында мамлекеттик жеңилдетилген ипотекаларды берүү 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) билдирди.
МИК ААКы электрондук порталга катталган бардык жарандардан арыздын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү суранат – https://portal.gik.kg. Инструкция шилтеме боюнча: https://clck.ru/XJryj
«Менин үйүм-2021-2026» программасынын алкагында ипотека 4 багыт боюнча берилет:
1. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн «Даяр турак жай сатып алуу» жеңилдетилген ипотекасы:
- жылдык пайыз — 4%;
- баштапкы төлөм – 10% (баштапкы төлөм жок болгон учурда кошумча күрөө талап кылынышы мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү – 15 жылдан 25 жылга чейин (кардардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы – 4 млн сомго чейин.
2. «Жеке турак жай куруу»:
- курулуш жүрүп жаткан убакта жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4%;
- баштапкы төлөм – 20%дан жогору;
- кредиттин мөөнөтү – 15 жылдан 25 жылга чейин;
- ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы – 4 млн сомго чейин.
Бардык жарандар үчүн «Жеткиликтүү ипотека» (Бишкек, Ош шаарларында гана берилет):
3. «Даяр турак жай сатып алуу»:
- жылдык пайыз — 8%;
- баштапкы төлөм — 20% (баштапкы төлөм жок болгон учурда кошумча күрөө талап кылынышы мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү — 15 жылдан 25 жылга чейин (кардардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы — 5 млн сомго чейин.
4. «Жеке турак жай куруу»:
- курулуш мезгили үчүн жылдык 12% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 8%дык чен;
- баштапкы төлөм — 20%;
- кредиттин мөөнөтү — 15 жылдан 25 жылга чейин;
- ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы — 5 млн сомго чейин.
Эки багыт боюнча сатып алынган турак жайларга болгон талаптар:
- көп кабаттуу үйдөгү батирлердин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш;
- жер үйлөрдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш;
- турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.