Бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафоруму башталды.
Иш-чарага 70ке жакын журналист жана медиа-эксперт катышууда.
Белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалат.