Бүгүн, 6-сентябрда Москва шаарында Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусун аякташына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабы менен Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Москва шаарында беш күн, беш түн, жалпы 111 саат «Манас» айтты.
Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен өкүлдөр, манас таануучулар, диаспоралык уюмдар катышты.
Эске салсак, Сыдыков 2020-жылы ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Бирок Гиннес рекорддор китебине катталбай калган.