Марал Радиосу

Ооганстанда «Талибандын» лидери Хайбатулла Ахундзада жаңы өкмөттү жетектейт

Хайбатулла Ахундзада

Ооганстанда «Талибан» кыймылынын (Кыргызстан жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган уюм) башчысы Хайбатулла Ахундзада Ооганстандын жаңы өкмөтүн жетектейт.

«Ал (Хайбатулла Ахундзада) өкмөттү жетектейт. Буга эч кандай шек болбошу керек», — деген кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Анамулла Самангани.

Буга чейин кыймыл жаңы өкмөттүн курамы тууралуу 3-сентябрда айтыларын билдирген.

Хайбатулла Ахундзада — молдо Омар (2013-жылы каза болгон деп айтылат) жана Ахтар Мансурдан (2016-жылы өлтүрүлгөн) кийинки талибдердин үчүнчү башчысы. Азыркы ордуна 2016-жылдын май айында келген. Аскер эмес, дин башчы катары айтылат.

Ахундзада Ооганстанга 29-августта кайтып келген.

«Талибандын» башында турган беш адам