Кыргызстандык волейболчу кыздар Борбор Азия чемпионатында коло байге утту

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Борбор Азия чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясынан билдиришти. Коло байге үчүн беттеште Кыргызстандын курамасы Тажикстан менен ойноп, аларды 3:0 эсебинде жеңген. Волейбол боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн эркектер жана кыз-келиндер арасындагы чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүдө. Биринчиликке Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын курамалары катышууда.