Марал Радиосу

XIV Эл аралык айтышка Кыргызстандан 8 акын катышат

Казак-кыргыз акындары катышкан айтышка кыргыз акындарын тандап алуу туру кечээ, 20-августта «Манас» кинотеатрында болуп өттү. Жалпы 44 акын катышып жогорку упай алган 8 акын тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Алар:

Эми бул акындар 30-31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына, «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV Эл аралык айтышына катышат.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө болот.

«Айтыш» коомдук фонду уюштурган эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.