Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы: Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 4-9-августта Душанбе шаарында достук маанайда өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Кезектеги жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.