Олимпиаданын жабылыш аземинде өлкө туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

Эртең, 8-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде Кыргызстандын туусун эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат. Олимпиаданын жабылыш аземи Токиодогу Улуттук стадиондо өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Бул Олимпиадада Кыргызстан куржунуна 2 күмүш, 1 коло сала алды. Кыргызстанга күмүш байгелерди Айсулуу Тыныбекова (62 кг) … Читать далее Олимпиаданын жабылыш аземинде өлкө туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат